Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Анда коронавирус менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам, вакцина, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын потенциалын жогорулатуу боюнча гуманитардык жардамды талкууланды.
Марипов Кытайга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Кытай — Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш. Ушуга байланыштуу биз Кытай менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз», — деди ал.
Элчи Ду Дэвэнь Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө гуманитардык жардамды көрсөтүүнү мындан ары уланта берерин билдирди. Кытай өлкөгө коронавируска каршы вакцинаны да акысыз түрдө бериши мүмкүн.
Ошондой эле кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык маселелери дагы каралды. Ду Дэвэнь «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарында абал жакшырганын белгиледи. Эки өлкө ортосундагы жума сайын жарандык жана чартердик каттамдарды уюштуруунун негизинде аба каттамдарды жандандыруу маселелери тууралуу да пикир алышуу болду.