«Күтүүсүз болду». Садыр Жапаров Ардак ордени менен сыйлангандан кийинки эмоциясы менен бөлүштү

Садыр Жапаров Орусиянын президенти тарабынан Ардак ордени менен сыйлангандан кийинки эмоциясы менен бөлүштү.

«Мен чын жүрөктөн мындай жогорку сыйлык алганыма ыраазычылык билдирем. Чынын айтайын, күтүүсүз болду, ошол эле учурда жагымдуу жаңылык болду. Муну кыргыз-орус мамилесинин жогорку деңгээли катары баалайм”, — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Орусиянын Ардак ордени менен сыйланышы боюнча анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди.

«Садыр Жапаровду сыйлоо чечими Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды. Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Эгерде 2020-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрү 28 миллиард сомдон бир аз ашыгыраак болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 74,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгында 103 миллиард сом көлөмүндө бажы төлөмдөрү түштү. Айырмасын байкасак, 2020-жылга чейин 70 миллиард сомдой акча каражаты мамлекеттик казынага эмес, коррупциялашкан чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп келгенинен кабар берип турат. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондон бери биринчи жолу, кыргыз тарап 2022-жылы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден алган суммага караганда, Биримдикке мүчө башка мамлекеттердин бөлүштүрүлгөн үлүштөрүнө ылайык, бажы алымдарын көбүрөөк сумма которгонун белгилей кетүүгө болот. Алсак, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 миллиард 116,9 миллион сом өлчөмүндө бажы алымдарын которгон, ошол эле маалда ЕАЭСтен 16 миллиард 248,2 миллион сом кайра алганбыз. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБге 4,2 миллиард сом калтырган. Пайда келтирген. 2023-жылдын жыйынтыгында бажыдан түшкөн кирешелердин өсүшүн эске алуу менен бөлүштүрүү ченемдерине ылайык, ЕАЭБге 17-18 миллиард сомдой бажы алымдарын калтырабыз деп турабыз. Бул деген сөз биз Кыргызстандын эле бажы чөнтөгүн толтурбастан ЕАЭБге да пайда келтире баштаганыбызды билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. «Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн», — деп айтылат жарлыкта.