Кызматтан алынган Данияр Жаныкулов интернетке тараган видео боюнча үн катты

Данияр Жаныкулов бүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Буга чейин социалдык тармактарда Данияр Жаныкулов делген адам тартылган видео тараган. Анда анын ар кайсы адамдардан конверт алып жатканын көрүүгө болот. Башкы прокуратурадан соцтармакта тараган видео боюнча текшерүү иштери жүрөрүн маалымдашты.

Данияр Жаныкулов өзү журналисттерге видео тууралуу үн катты. «Орозо айында турабыз. Ар ким өз абийиринин алдында өзү жооп берет. Бул нерсеге жооп берчү күн келет. Ал акча атайын карточкага которулат. Акчалай алынат, колго берилет. Бардык документ бар. Медиакомпаниянын жетекчиси келип, өз пикирин айтты. 15 мүнөттүк ролик турат. Даяр. Камеранын баарын өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн өзүм койгом. Ага кантип кошулуу керек, аны техниктер жакшы билет», — деди ал.