«Кызыккан жокмун». Садыр Жапаров Ак Үйдөн качкан депутат боюнча үн катты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кезектеги маегинде Ак Үйдүн 2-кабатынан секирип качкан депутат Эмил Жамгырчиев боюнча да комментарий берди.

«Кабарым бар. Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, “Салимбай байбача” аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайы кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун», — деди ал.