«Латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес». Садыр Жапаров Каныбек Осмоналиевге катуу эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.