Лейлек районунун акиминин милдетин убактылуу Абдирашит Ташбалтаев аткарат

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу акимдин биринчи орун басары Ташбалтаев Абдирашит Каримовичке жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешев Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду. Мындан тышкары, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берүү тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Алмазбек Рахманкуловдун шайлоого аралашканы үчүн кызматынан четтетилгени маалым болгон.