Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов шайлоого аралашканы үчүн кызматынан четтетилди

Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бүгүн Лейлектин акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфана мэрине да сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким, кайсы бир министр кайсы бир талапкерге же партияга үгүттөй турган болсо, кайра жумушка алынбай турган берене менен жумуштан кетет», — деди ал.

Буга чейин бийлик тарабынан шайлоо маселесинде кайсыл бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза каралары айтылган.