Ленин шайлоо округу боюнча талапкерден биринчи арыз келип түштү

Кечээ, 31-мартта БШКга 28-майда өтүүчү Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Эркин Булекбаевден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде (кошуп алганда) аяктайт.