Мадумаров: «Чечимге кол койбой койгон Айдарбековду төрагалыктан кетиребиз деп интрига болууда»

«Чечимге кол койбой койгон Айдарбековду төрагалыктан кетиребиз деп интрига болууда». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Өзгөндө өтүп жаткан Кемпир-Абад маселеси боюнча курултайда айтты.

«Комитеттин чечими жок. Ал болгон кезде да чечим мыйзамсыз. Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков ал чечимге кол койбой койду. Кол койбой ушул жерде жүрөт. Төраганын орун басары да кол койбой жатат. Эми эки күндөн бери Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан кетиребиз деп интрига болууда», — деди депутат.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берген. Бирок аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков каршы добуш бергенин билдирген.