Мадумаров: «Жогорку Кеңештин депутаты деген базардагы камоктун ээсиндей болуп калды»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин учурдагы орду жана арты-артынан кеткен депутаттар тууралуу пикирин билдирди.

«Жогорку Кеңеш жаңы жумушун баштаганда, мен айткам «Парламенттин жогорку, сабаттуу, күчтүү, туруктуу, принциптүү позициясы болбосо, Жогорку Кеңеш мамлекетти башкарууда өзүнүн ордун жоготот» деп. Азыр депутат деген базардагы камоктун ээси катарында гана болуп калды. Базарком келип, камокту бошот десе, бошотуп коё берет. Эмне үчүн деген суроо берилбейт. Биринин артынан бири кетип жаткандыгы өлкөдө мыйзамсыздык орун алып баштады дегендин белгиси»,- деди ал.