Мадумаров кол койгон протокол боюнча Текебаев үн катты

«2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону бир нече жылдан бери сөз болуп келет. Ушул окуя боюнча өз оюмду билдирип коюшум керек деп эсептейм». Бул тууралуу экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев видео кайрылуусун жарыялады.

«Мадумаровго козголгон кылмыш иши мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Аталган протоколго 2009-жылдын жазында кол коюлган. 13 жыл өттү. Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциптери бар. Мөөнөтү өткөн иштерге кылмыш иши козголбойт. 10 жыл өтүп кеткен окуяларга иш козголушу мүмкүн эмес. Козголуп калган иштер болсо, мөөнөтү өтөрү менен автоматтык түрдө жабылышы керек деп турат», — дейт Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Мадумаровго карата азыр болуп жаткан аракеттерди саясий куугунтуктун бир түрү деп баалайт.