Мадумаров өзүнө тагылган айып боюнча: «Чакырса барбаган жерге күч колдонуп барамбы?» 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзүнө коюлуп жаткан айыптар тууралуу үн катты.

«Кыргызстанда Конституция иштебейт» деп канчадан бери айтып келе жатам. Убактысын карап отуруп, эс алууга чыгарда же маселе болуп каларда чыгат да ушундай. Мен деле силер сыяктуу залда отуруп, бүгүн уктум. 36-берене деп жатабы? Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү же ылайыкташтыруусу. Атаңдын көрү, ушул өлкөдө 30 жыл деп айткандан бери менден артык «Конституцияны бузбагыла, ошонун алкагында жашагыла» деп кыйкырган менчелик киши болбосо керек. Конституциялык сот дагы менчелик Конституцияга чакырбаса керек. Бул беренелерди мындай эле коёлу. 278-беренеде массалык баш аламандыктар дейт. Аман эле болушсун. Жараткан бар. Жараткандын алдында эч ким жоопкерчиликтен кутула албайт. Мен жана эмне дооматы бар деп сурабадымбы. Ушуларды келтиришиптир. 

Бийликти күч менен басып алуу… Мен канча айтам эшигиңди ачып койсоң да, сүйрөсөң да келбейт. Өзүлөрү айтып жатышпайбы «Мадумаровго канча сунуш кылдык, болбой жатат» деп. Анан кантип бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге күч колдонуп барамбы? 

338-берене. Бийликтен аша чабуу дейт. Менде кайсы бийлик бар экенин айтып берсеңер, мен ошону менен колдоноюн. Бул жерде тек гана саясат. Саясат, дагы бир жолу саясат», — деди ал.