Мадумаров: «Протоколду тажик тарап бетке такап жатса, анда бул кыргыз бийлигинин алсыздыгы»

«Протоколду тажик тарап бетке такап жатса, анда бул кыргыз бийлигинин алсыздыгы». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кечээ, 19-январда «Азаттыктын» берүүсүндө сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, протоколдун кол коюлганына 13 жыл болот жана андай протоколдор министр, губернатор, өкмөттөрдүн ортосунда бир жылда ондоп-жүздөп кол коюлат.

«Ал протоколду тажик тарап эч качан бетке такай албайт. Эгерде тажик тарап бетке такап жаткан болсо, бул кыргыз бийлигинин сабатсыздыгы жана алсыздыгы. Менде мындай күмөн пайда болуп жатат: эки жигит барып, ошолорго убада берип келген эмеспи? «Биз ушул протоколду көтөрөлү, анан таанып берели, кийин ишибизди бүтүрөлү» дегендей шек жаралууда. Ал протокол чек ара маселесин түк чечпейт. Башкы прокуратурадагы иштин максаты — бул парламенттеги жалгыз оппозициялык фракцияны алсыратуу», — деди Мадумаров.

17-январда президент Садыр Жапаров басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган. Ал Мадумаровдун протоколго кол коюусун чыккынчылык деп баалап, «кылмыш кылдыңбы, жооп бер» деген.