Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынан маалымдашты.
Убактылуу депутаттык комиссия оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча корутундусун кабыл алды. Бул чечимге комиссиянын мүчөлөрү депутат Гуля Кожокулова менен депутат Фарходбек Алимжанов гана каршы чыкты.
Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.