Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңеш уруксат берди

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу колдоо тапты. Макул деп 61 депутат добуш бергени маалымдалды.

Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү бүгүн, 22-июнда саат 16:30дан тартып Жогорку Кеңеште жабык каралып, саат 18:30да аяктады.