Мадумаровдун ордуна Масалиев. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашты

Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидерлигин бошотуп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 8-майда депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Фракциянын жаңы лидери болуп депутат Исхак Масалиев, орун басарлыгына эл өкүлү Эмил Токтошев шайланды.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыккан. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.