Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Кечээ, 2-июлда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.