Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.
Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.
Бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт. Алсак, аталган Ассамблеяга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын парламенттери мүчө. Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Джалилов бар.