Мамкатчы Касмамбетов тууну өзгөртүү боюнча: «Депутаттар элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу»

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан тууну өзгөртүү боюнча өз пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк, насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алпарууда. Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи. Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти. Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, вице-премьер Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз.

Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө… Илгертен элибиз тилек кылышчу. Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен деп. Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан. Азыркы биздин туубуз, эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү», — деп жазды ал.