«Мамлекет салыкты так төлөгөн бизнести колдойт». Жапаров «Кыргыз шампаны» ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Кыргыз шампаны» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда ал шарап жана арак продукциясын куюучу аппараттык цехти кыдырып чыгып, алкоголдук продукцияларды сактоонун шарттары жана технологиясын көрүп чыкты.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө комбинатта 35ке жакын кызматкер эмгектенет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу пландаштырылууда, анда жумушчу орундарынын саны 100 адамга чейин көбөйөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, мамлекет салыктарды так төлөп, элди иш менен камсыз кылып жаткан кичи жана орто бизнести колдоого алат. «Министрлер кабинетинин негизги максаты – бизнести көмүскөдөн алып чыгып, контрабанданы толугу менен жок кылууз», — деди Акылбек Жапаров.