Бүгүн, 16-декабрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин бир убакта менчик клиникада жумушка орношуусуна тыюу салган мыйзам үчүнчү окууда колдоо тапты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Эльдар Абакиров, Айбек Маткеримов.
Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.