Кечээ, 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Садыр Жапаров уставдык капиталын 10 миллион сом менен баштаган бул компания бул мезгил аралыгында бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн, бирок батирлерде баш калкалап күн өткөргөн жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулуп келгенин эске салды.
2021-жылы “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека”, “Арзан ипотека”, “Социалдык ипотека” багыттары ишке киргизилди. Компаниянын ишмердигин арттыруу максатында ал Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Садыр Жапаров мурда компания коммерциялык банктар менен өнөктөштүк аркылуу гана турак жай сатып алууну каржылап, өз фондусунан турак жай бөлүштүрүүгө катышпаганын баса белгилеп өттү. 2021-жылдан тарта компания турак жай комплекстерин курууну колго алган.
Алгачкы этапта Бишкек шаарында, андан кийин Жалал-Абадда үйгө муктаж 3251 жаранга батир тапшырылган. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 87,5 миллиард сомду түзөт. Ушул убакка чейин компания 13 850 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды. Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында учурда 100 миңге жакын жаран кезек күтүүдө.
“Демек, жеткиликтүү турак жай программабыз ийгиликтүү ишке ашып жатат десек болот. Бул дагы элдин мамлекеттик бийликке болгон ишеними өсүп жатканын тастыктайт. Жарандарыбыздын турак жай көйгөйүн чечүү үчүн бүгүнкү күндө 70 миңден ашуун батир курулуп жатканын баса белгилей кетейин”, — деди президент. Ал ошондой эле бүгүнкү иш-чара Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдык мааракеси эле эмес, үйгө муктаж ар бир жараныбыздын жеткиликтүү жана татыктуу турак жайга ээ болушуна жол ачкан жаңы доордун башаты экенин баса белгиледи.
“Азыр биздин алдыбызда чоң-чоң пландар менен чоң-чоң милдеттер турат. Жогоруда аталган программанын алкагында каржылоо механизмдерин кеңейтүүбүз, үлүштүк курулушту мындан ары өнүктүрүүбүз зарыл. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жаш адистерге социалдык ипотеканы жылдык 4% менен жана баштапкы төлөмсүз берүүгө жетишели деп жатабыз. Мындай жеңилдик мамлекеттик кызматкерлер менен социалдык тармактагы кызматкерлерге дагы каралат”, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Ошондой эле ал жеке жарандар үчүн жеткиликтүү ипотеканы жылдык 8% менен баштапкы төлөмсүз берүү пландары тууралуу кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында ипотекалык компаниянын, финансы мекемелеринин жана курулуш компанияларынын кызматкерлерине он жыл бою Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгына биргелешип кызмат кылгандары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге, мамлекеттик программаларга ишеним артып, активдүү катышып жаткан ар бир жаранга да ыракмат айтты.