Мамытов октябрь айындагы окуялардан сабак алуу керек деди

Бүгүн, 24-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири — президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолду. Мамытов  бул иш-чараларда эл өз келечегин тандай турганын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырып, мыйзам чегинде гана иш алып барууну талап кылды.

Талант Мамытов белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрүндөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек.

Президенттин милдетин аткаруучу эл чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын, андыктан президенттик шайлоо жана референдум таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.