«Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасында соңку жылдары улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты жана элдик искусствону андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга, ошондой эле маданият жана искусство чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүүгө багытталган системалуу чаралар ишке ашырылды.

Бүгүнкү күндө ири жана чакан эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок. Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо “Манас” эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин – кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргыз Республикасынын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
– “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
– “Манас – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
– Боз-Бөлтөк тоосуна “Манас төр” скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук статусу берилсин жана каржылоо булагын аныктоо менен аталган скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корукту куруу боюнча долбоорду, аны ишке ашыруу боюнча
иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
– улуттук мурастардын объекттеринин тизмесин тактасын жана аны илимий, тарыхый жана академиялык баалоону жүргүзсүн;
– улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;
– аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институттардын өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдырууну жүргүзсүн.
3. “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институту түзүлсүн.