Маңдай жарыла кубануу! Жапаров менен Ташиевдин футболдук беттештен тартылган сүрөттөр топтому

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-июнда борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Сингапурдун курамасынын футболдук беттешине барды. Ал Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курама командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.