Мандаты чакыртып алынган Фархад Исмаилов Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышына келди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары кезектеги сессияны ачышты.

Сессиянын ачылышына БШК мандатын чакыртып алган Фархад Исмаилов да келди. Ал журналисттерге Жогорку Кеңешке келген себебин айтуудан баш тарткан.

6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы депутат Фархат Исмаиловдун мандатын чакыртып алган. Мындай чечим Билим берүү министрлигинен депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган. Министрдин биринчи орун басары Уланбек Усековдун айтымында, Исмаилов КУУга кабыл алынган эмес.