Мандатын тапшырат делген депутаттар тууралуу төрага Маматалиев үн катты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында социалдык тармактарда тараган депутаттардын болжолдуу «кара тизмеси» тууралуу маалыматка комментарий берди.

Анын айтымында, айрым блогерлер жана журналисттер соцтармактарда парламенттен кетиши мүмкүн делген депутаттардын фамилиялары камтылган тизмелерди жарыялап жатышат.

«Социалдык тармактарда айрым блогерлер жана журналисттер парламенттен кетиши мүмкүн делген депутаттардын фамилиялары бар кандайдыр бир “кара тизмени” жарыялап жатышат. Мындай маалыматтардан алыс болууну суранам», — деди Маматалиев.

Ал Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдын алкагында жүргүзүлөрүн белгиледи. «Бул жерде болгон жана боло турган бардык нерсе мыйзамдын негизинде ишке ашат. Биз ишти мыйзам чегинде гана жүргүзөбүз», — деди төрага.