Марлен Маматалиев: «Педофилдерди коомдон алыстатыш керек»

«Педофилдерди коомдон алыстатыш керек». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде айтты.

Анын айтымында, керек болсо, аларга өлүм жазасы берилиши керек болчу. «Өмүр бою эркинен ажыратылса, ошол жакта өмүр бою чирисин, бирөөнүн кызын зордуктагандан көрө ошол жактан өлүп келсин. Мамлекет бакса мейли, алар түрмөдө кармалышы керек», — деди ал.