Масалиев Акылбек Жапаровдун баяндамасы боюнча: «Кызматтан кетип жаткан төраганын маалыматын уккандай болдук»

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын алдында жарым сааттай баяндама окуду. Депутат Исхак Масалиев буга нааразы болду.

«Кызматтан кетип жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын маалыматын уккандай болдук. Биз күн тартибине 3 маселе койгонбуз. 2021-жылдын отчету, 2022-жылга өзгөртүү жана толуктоо, 2023-жылга карата долбоор. Баары тең биринчи окууда. Баяндамада баарын кошуп салып, кең келечекти ачып берип… Келгиле, тартип менен кетели. Биринчи бүтмөйүн экинчиге өтпөш керек. Анткени 2021-жылы көп позиция минус болуп жатат. 2022-жылдагы өзгөртүү эмне экенин угуш керек. Болгону ушул», — деди депутат.