«Кармалгандар «дүжүр» саясатчылар». Депутат белгилүү саясатчылар деп Жапаров менен Ташиевди атады

«Кечээги жыйында биздин коллегабыз массалык камоо болду деп жар салды. Белгилүү саясатчылар, белгилүү журналисттер кармалды деп айтты. Мен ага кошулбайм», — деди депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Мен белгилүү башка саясатчыларды тааныйм. Кармалгандар — бул «дүжүр» саясатчылар. Алар бийлик берсе, бийликти мактайт, бербесе жамандайт. Кыргызстанга аттын кашкасындай белгилүү болгон саясатчыларды билем», — деди ал.

Ал бир катар саясатчылардын ысымын атап келип, анын катарында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди да атай өттү.