«Матраимовду саясий аренага алып келген». Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүп жатканын белгиледи.

«Райым Матраимовду жандап жүргөн деп арабыздан 2-3 депутат кетти. Дагы кетиребиз деп аракет кылышууда. Өкмөттө иштеген министрден баштап кетирип жатат. Райым Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер Кыргыз мамлекетинин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап, мамлекеттин унаасын минип, мамлекеттин акчасын алып жүрөт. Ал — Сооронбай Жээнбеков. Ал партия түзүп берип, канча деген жаштар митингде турганда бир дагы сөз айтпай, көзү көр, же дүлөйчө ушул жерде отуруп, бийликтен ажырады. Аны баарыңар билесиңер. Азыр резиденцияда отурат. Ар бир адам жооп бериши керек», — деди ал.

Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратууну сунуштады жана депутаттык комиссия түзүүгө чакырды.