Медер Алиев кесиптешине: «Мыйзамды билбесеңиз, билбейм деп айтыңыз»

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынын болуп өттү.

Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери-Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Медербек Алиев.

Конституциялык мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча момитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга Евразия экономикалык бирлигинин сотторунун судьяларына карата Кыргыз Республикасынан социалдык кепилдиктер бөлүгүндө толуктоо киргизүү сунушталууда.

Чолпон Султанбекованын айтымында, бул мыйзам долбоору 2024-жылдын 25-сентябрында биринчи окууда кабыл алынган. «Гуля Кожокулова кечээ жазуу түрүндө кагаз келип түштү. Жазуу түрүндөгү түзөтүүнү карасак, регламентти бузган болуп калабыз» деди. Андан соң, Медер Алиев сөз сүйлөп, регламент сакталышы керектигин айтты.