Медеткан Шеримкулов: «Депутаттар өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн баа жеткис салымын кошту»

Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Анда мамлекеттик ишмер, экс-спикер Медеткан Шеримкулов кыргыз элинин тарыхына өзгөчө көңүл бурду.

«Кыргыз эли байыртан коомдук пикирге өзгөчө көңүл бурган — эл. Дал кыргыз эли бардык курч курч маселелердин баарын курултайларда чечкен. 1938-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардык чакырылыштагы депутаттар өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн баа жеткис салымын кошту», — деди Медеткан Шеримкулов.