Мээрбек Мискенбаев: «Асылбек Жээнбековдун куугунтугуна кабылып, түрмөгө отуруп чыктым»

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков элчи болуп кетмек. Ал бийликтен четтемек. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Асылбек Жээнбеков Түркияга элчи болуп кетмек. Ал бийликтен четтемек. Агасына тоскоолдук жаратмак эмес. Ошондой болуп сүйлөшүлгөн. Кийин агасы президент болгондон кийин мандатын таштабай, алыстабай койду. Ошону айтам деп, мен Асылбек Жээнбековдун айынан түрмөгө отуруп чыктым», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.