Мээрбек Мискенбаев: «Бийлик ошол учурда тынч жолду тандаса, кандуу окуя болмок эмес»

Ошол учурда 5-6 кишини атсак, калганы качып кетет деген бийликтин жаман ою болгон. Мындай пикирин бүгүн, 6-апрелде Апрель элдик революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол учурда бийлик тынчтык жолун тандаса, кандуу окуя болмок эмес.

«2010-жылы Таласка ыраматылык Болот Шерниязов барган. Ал барганда аны кармап, Таластын эли түп көтөрүлгөн. Окуянын баары ушундан башталган. Кечке маал Бириккен элдик кыймылдан ошол эле Атамбаев баш болгон, Текебаев, Сариев жана башка, кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн түрмөгө тыккан. Анан эртеси күнү форум болмок. Бири-бирибиздин камалганыбызды угуп, анан ошол ишкананын алдына келгенде 200гө жетпеген киши болгон. Ошондо бийлик тынч жолду тандаганда, ошол 7-апрелдеги кандуу окуя болмок эмес. Анткени ошол жакка өздөрү барып, автоматтарды таштап кетип, провокация кылып, элди итке талатып, аткылап, уруп-сабаган. Буга элдин жини келди. Ошол эле унааларын, куралдарды таштап кеткен. Эми карасаңыздар ошол окуяда 87 азамат көз жумду. Андан бери 11 жыл өттү, ошол учурда алган жаракатынан 50дөн ашык азамат көз жумду. 2010-жылкы окуя кыргыздын тарыхында — кандуу окуя болуп калды», — деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.