«Мен да камалгам, мен да сотко баргам». Жапаров Атамбаевдин соңку окуясы тууралуу үн катты

«Мен да камалгам, мен да сотко баргам». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соңку окуясы жөнүндө үн каткан билдирүүсүндө жарыялады.

«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат” деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип, түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?» — деп жазылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялады.