«Мен дагы адаммын, абдан санааркап жатам». Ташиев түшүндүрмө таратты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлерди жиберүү боюнча кабыл алынган чечим тууралуу пикирин кечээ, 7-январда соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мен бүгүнкү кырдаал боюнча түшүндүрмө берейин деп чечтим. Биз дагы так ушундай башаламандыкты басып өттүк, анан кантип жай тургундарды талап-тоноого, өлтүрүүгө бармак элек? Четте үн катпай, карап турган болбойт. Баары баштагы калыбына келгенден кийин гана өздөрү андан аркысын эптеп кетишет. Азыр көптөгөн аң-сезимдүү жарандар тынчтыкты каалап турганда жардам беришибиз керек. Коңшу өлкө жардам сурап жатат, четте туруу туура келбейт, биз ошол аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн аракет кылабыз. Өлкөбүздүн жарандарын түшүнүп турам, баарыбыз кабатыр болуп жатабыз. Баарыңыздар туура түшүнөсүздөр деп ишенем, мен дагы адаммын, абдан санааркап жатам, азыр тез жана ыкчам аракет кылуу керек», — деп жазды Ташиев.