«Мен качпайм». Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ал депутаттарга 4-оорукананын эсепчисин таппай жатканын айтты. «Кимден отчет аларды билбей жатабыз. Айткандан да коркуп калдым. Биз өткөрүп алуу кылышыбыз керек да. Биз айтып атабыз, келгиле өткөрүп бергиле деп жатабыз», — деди министр.

Депутат Русланбек Жакышов министрден «4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен маңдай-тескей отуруп сүйлөштүңөрбү?» деген суроо узатты. Министр сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. «Мен 1 жылдан бери эле сүйлөшүп келе жатам. Акыркы урушардын алдында да 2-3 жолу жолуктум. Дагы деле сүйлөш десеңер, сүйлөшөм. Мен эч кимден качпайм», — деди министр.