«Менин тиешем жок». Эрулан Кокулов «Не сахар» долбоору боюнча сынга жооп берди

Кечээ, 20-февралда депутат Эльвира Сурабалдиева «Не сахар» долбоорунун тартуучу тобунун аракетине нааразы болуп, топтун жүрүм-туруму канчалык мыйзамдуу экенине кызыккан.

Ал «ушундай популисттер ушундай иштерди жасай беришеби?» деген суроо салган.

Бүгүн, 21-февралда депутат Эрулан Кокулов анын долбоорго эч кандай тиешеси жок экенин айтты. «Бул айтышуу эмеc. Жөн гана тааныштыруу иретинде айтып коёюн, менин ал долбоорго эч кандай тиешем жок. Бул социалдык долбоор. Алып баруучу кылып жаткан нерсени ар бир адам кылса болот, анткени ар бириңер эмне жеп жатканыңарды билүүгө укуктуусунар. Эл тараза. Мен тууралуу акыркы учурда журналисттер жазышып, кесиптешим сүйлөп жатат. Мен муну басым катары кабыл алып жатам. Популист деп айтты. Долбоор эч качан популист болбойт. Дагы бир жолу айтып коёюн, менин долбоорго тиешем жок», — деди ал.