УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына пост жазды.
“Мен бүгүн сиздердин көңүлүңүздөрдү бир орчундуу маселеге бурууну чечтим. Бул — коррупция, оор жана өтө оор кылмыштар. Ушул жогорудагы мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатабыз, бирок токтото албай жатабыз.
Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз:
1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо;
2. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү;
3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.
Урматтуу өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин катуу койгон талаптарынын жана түзүлгөн шарттардын негизинде аёосуз күрөш улантылып жатат. Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык.
Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы бардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёосуз күрөш жана ачык—айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз. Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлойм, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар.
Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертем, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранам: мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар! Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбаш керек!!!
Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарам, башка менде жол жок! Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын!
Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз! Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!” — деп жазды ал.