«Милициянын арасында да айбандар болот экен». Акылбек Жапаров кордолгон 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча үн катты

Кечээ, 6-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттер менен блогерлерди иргеп чакырып, жолугушуу өткөрдү. Анда ал Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча үн катты.

“Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Илгери өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылгам. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек”, — деди ал.

Ал ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөрүн кошумчалаган.

2021-жылдын сентябрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан корголгондун ордуна, кыздын кордолгонуна учурда коомчулук нааразы. SUPERTV телеканалына кыздын ата-энеси окуя кандай болгонун баштан-аяк айтып беришти.