Жогорку Кеңеште спикер министрден баяндамасын орусча эмес, кыргыз тилинде жасашын талап кылды (видео)

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутмановага орус тилинде баяндама жасоого уруксат берилген жок.

Ал сөз алдында баяндамасы расмий тилде даярдалганын айтты. «Сиз орусча баяндама жасоого кимден уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес?» — деди спикер. 

«Депутаттардан, төрагадан», — деди ал.

«Кайсы төрага?» — деди Шакиев.

«Мен азыр көрүп жатам. Мамлекеттик тилде жасаш керек. Уруксат сурабай эле ошентесизби? Кыргызча жасаңыз» — деди ал. Динара Кутманова баяндамасын кыргызча улантты.