Министр: «Жапаров Путинге уу-коргошун жөнүндө айтып берди»

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге уу коргошунду колдонуп коронавирусту дарылоо жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу ага кечээ кечинде президент өзү айткан. «Садыр Нургожоевич Владимир Путин менен ушул [уу коргошун] жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты. Жакшы таасири бар, аны илимий жактан текшерүү керек деп билдиришти. Коронавирус бизге көп убакытка келди, аны жеңүү үчүн биз ар кайсы өлкөлөрдө болгон жаңы ыкмаларды колдонушубуз керек», — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, учурда бейтаптар өздөрү суранып уу-коргошунду алып жатышат.