Министр Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Кечээ, 13-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин белгилешти. Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду.

Министрлер мамлекеттик чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту. Алар кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.