Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кечээ, 15-июнда Кыргыз Республикасынын элчилери, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын башчылары менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.
Кеңешме Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун министрликтин жетекчилер курамы менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча өтүп, экономикалык дипломатия маселелерин талкууга арналды. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу менен байланышкан жаңы саясий, социалдык-экономикалык чакырыктардын шартында өзгөчө маанилүү экендиги жана аларга жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын издөөнү талап кылгандыгы баса белгиленди. Жыйындын соңунда ушул жылдын аягында чет өлкөдөгү ар бир мекеменин ишмердүүлүгүнө, биринчи кезекте экономикалык дипломатия жаатындагы ишинин натыйжалуулугун эске алуу менен баа бериле тургандыгы айтылды.
Президен Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевди...
Президент Садыр Жапаров 4-7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти. - Сапардын биринчи...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Харбинде Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров...
Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Винера Раимбачаева белгилегендей, бул...