Министрлер кабинети ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47,7 гектар жерди мыйзамдаштырды

Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган жашоочулардын маселелерин чечүү максатында Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду (трансформацияланды). Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.