Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин Улукбек Марипов коштоосуз калышы мүмкүн

Архив

Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин анын төрагасы Улукбек Марипов коштоосунан ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Дастан Бекешев президенттин өкүлүнө «Улукбек Марипов мыйзам боюнча президенттин жардамчысы болсо, эмне үчүн премьер-министр кезиндегидей коштоочу менен жүрөт?» деген суроо берди. «Жаңысы кабыл алынгандан кийин биз сиздин суроону карап чыгабыз», — деди президенттин өкүлү.

Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин Министрлер кабинетинин башчысы президенттик администрацияны жетектейт, ал эми аткаруу бийлиги толугу менен президенттин көзөмөлүндө болот.