Министрлер кабинети октябрь айынан тарта пенсияны көтөрүүнү пландоодо

Министрлер кабинети 2022-жылдын октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатууну пландап жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул районунун активи менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыгы, 1-июлдан тарта жөлөкпул 50 пайызга, 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн эске салды.

Бакыт Төрөбаев экономикадагы алты айдагы көрсөткүчтөрдү санап өттү. «Кыскасы, көрсөткүчтөр жакшы. Быйылкы жылы киреше 403 миллиард сомду түзөт деп пландаганбыз. Божомолдор боюнча жыл аягына чейин бул көрсөткүч жогору болот», — деди ал.