Министрлер кабинетинен биринчи болуп Тилек Токтогазиев Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыкты

Министрлер кабинетинен биринчи болуп Тилек Токтогазиев Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыкты. Ал өз позициясын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Конституциянын бул редакциясына каршымын. Ал чийки жана элдин бөлүнүп-ыдыроосуна алып келет. Бийлик бутактарынын ортосундагы баланс бузулган. Биз өнүгүүдө артка кетебиз.

Бизге адамдын диктатурасы эмес, бизге мыйзамдын диктатурасы керек. Дал ушул мыйзам оюндун эрежелерин аныктайт. Биз баардыгыбыз бул коомдук келишимди сыйлоону үйрөнүшүбүз зарыл. Бул келишимден өзгөртүүлөрү коомчулуктун бир катмарына жакпаса, анда аны күчтөп таңуулоого болбойт. Эртеби же кечпи бул жарылууга жеткирет.

Андыктан Конституциянын редакциясынын авторлорун референдумга шашылбоого чакырам. Ошондой эле коомчулукту ар бир пунктту ачык талкуулоого келгиле дейм. Конституция консенсус аркылуу гана кабыл алынышы керек. Андай болбосо, кезектеги саясий туруксуздуктун толкунуна жоопкер болуп каласыңар», — деп жазган Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.