Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Ант бергендер:
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков;
– эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев;
– илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова;
– транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев;
– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев;
– саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов;
– өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев;
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков.
Андан соң президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.